• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Маматалиев: Мыйзам колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт

18 Бугу 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

Педофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзам колдоо тапса алар мунапыс ала албайт. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөткөн өтө жаман кылмыш. Тилекке каршы статистика азайган жок. Мыйзамды өзгөртүп жатканыбыздын себеби – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен. биз ошол түшүнүктөрдү жокко чыгарып жатабыз. Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт, ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот»,-деди Маматалиев.

Эске салсак, өлкөдө балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Документ 17-май күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда бир добуштан кабыл алынган.

Количество просмотров: 113