• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Маматалиев: Оң рулдуу унааларды алып келүү элдин суранычы

24 Бирдин айы 2022 18:03 Бишкек Govori.TV

Оң рулдуу унааларды алып келүү элдин суранычы. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, оң рулдуу унааларды алып келүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун бир катар толуктоолор, кошумча иштеп чыгуулар менен кайрадан сунушталат.

«Биз шайлоодо жүргөндө көтөрүлгөн маселелердин бири. Карапайым эл да көп көтөрдү бул тууралуу. Биз карап көрдүк, жол кысыктарына оң рулдуу унаалар жол кырсыктарына көп кабылат деген жүйө менен ага тыюу салыптырбыз. Бирок, ал туура эмес статистика болгон. Биз баардык койгөйлөрдү карап чыгып кайрадан сунуштоону карап жатабыз», — деди депутат.

2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 2016-жылы 3-мартта тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан. Буга чейин Ички иштер министрлиги жол кырсыктарына оң рулдуу автоунаалар көбүрөөк кабылаарын билдирген.

Устүбүздөгү жылдын башында бул маселе кайрадан көтөрүлүп, депутаттар тарабына өлкөгө оң рулдуу унааларды кайрадан алып келүүгө уруксат берүү демилгеси айтылды.

Бул маселе коомдо бир катар талкууларды жаратып, көпчүлүктү эки жээкке бөлдү.

Количество просмотров: 145