• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Маматалиев: «Орусиянын депутаттары менен РФ жарандыгын алып, мобилизациялоого кабылган мекендештерибиз жөнүндө талкууладык…»

14 Тогуздун айы 2022 13:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекке расмий иш сапары менен «Справедливая Россия-Патриоты-За правду”социалисттик саясий партиясынын төрагасынын орун басары Алексей Чепа келди. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.


«Жолугушууда тез арада чечүүгө муктаж болгон жарандарыбыздын маселелери козголду:
Кыргыз Республикасынын жарандарынын РФ аймагында убактылуу болуу мөөнөтүн 1 жылга чейин көбөйтүү (азыр 90 күн).


РФ аймагында Биздин миграциялык борборлорду ачууга көмөк көрсөтүү.


Медициналык текшерүүдөн өтүү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү иштей турган миграциялык борбордон маалымкат алуу.
Россия Федерациясынын жарандыгын алып, мобилизациялоого кабылган мекендештерибиз жөнүндө талкууладык»,-деп жазды.


Мындан сырткары өлкөбүздүн мигранттары үчүн бардык керектүү документтерди алууну жеңилдете турган миграциялык борборлор жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын кошумчалады.
Пикир алмашуудан кийин «Справедливая Россия-Патриоты-За правду”саясий партиясы менен «Ынтымак»саясий партиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 394