• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Масабиров түтүн маселесин чечүүнүн жолдорун сунуштады

15 Бештин айы 2022 17:55 Бишкек Govori.TV

2022-жылга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856,3 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Алар бюджеттик каражаттар 628,5 миллион сом, атайын эсептин каражаттары 227,8 миллион сом. Бюджеттик каражаттын 628,5 млн сомунун бүгүнкү күндө 72%ы бөлүнгөн, калганы ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат. Бул тууралуу каржы министрлиги кабарлады.

Жалпысынан 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 856,3 миллион сом (бюджеттик жана атайын эсептин каражаттары), ошондой эле Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 3,7 миллион АКШ доллары (301,3 млн. сом) өлчөмүндө каражат каралган. Муну менен катар 2022-жылга жана өткөн жылдардагы өздөштүрүлбөгөн каражаттардын калдыктары бар.

Кыргыз Республикасынын абанын сапатына жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу жана жашылдандыруу боюнча экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү боюнча потенциалын чыңдоо үчүн учурда Дүйнөлүк Банк менен Сапатты жакшыртуу долбооруна 50,0 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул көйгөйдү чечүүдө Жогорку Кеңиштин депутаты Таалайбек Масабировдв бир канча сунуш бар. Ал кандай сунуштар экенин эл өкүлү «Govori.TV» га айтып берди.

Бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 498