• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Маматалиев: Украина менен Орусиянын ушундай акыбалга жеткени кооптондурат

24 Бирдин айы 2022 18:22 Бишкек Govori.TV

Украина менен Орусиянын ушундай акыбалга жеткени кооптондурат. Мындай пикирин ЖК депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, бул жагдай башка өлкөлөр менен катар эле Кыргызстанга да таасирин тийгизет.

«Тилекке каршы бул окуялар болуп жатат. Эми Россия тарапты да түшүнсө болот… Алар өзүнүн жарандары деп айтсак болот, себеби Донбасс менен ЛНР, ДНРдин 80 пайызы Россиянын жарандыгын алып алышкан экен, эми аларды коргоо максатында болуп жатат. Бирок, экинчи жагынан бир тууган болгон, СССР болгон өлкөлөрдүн мындай абалга жетип калышы өкүндүрбөй койбойт. Менин пикиримде сүйлөшүүлөр менен эле маселе чечилсе жакшы болмок», — деди депутат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

Количество просмотров: 203