• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Мамбеталиев өкмөт үйүн тарыхый мурастардын тизмесинен чыгаруу боюнча чечим жок экенин айтты

26 Бирдин айы 202514:46 Бишкек Govori.TV


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу Мирбек Мамбеталиев Бишкектеги мурдагы өкмөт үйүнүн жана анын жанындагы Жогорку соттун имараттарын тарыхый-маданий мурастардын тизмесинен чыгаруу боюнча так чечим кабыл алына электигин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев суроо узатты.

“Жакында Абдумомунов көчөсүндөгү 205 жана 207-даректеги имараттар тизмеден чыгарылды деген маалымат тарады. Президенттин администрациясында жыйын өтүп, берилгени айтылып жатат. Сизге чейин иштеген министр расмий түрдө каршы деп айтчу эле. Бирок акыркы добуш берүүдө кандай болгонун билбейм. Сиздин ушул эки имарат боюнча позицияңыз кандай?”, — деди Масалиев.

Министрлик кызматка талапкер Мамбеталиев азырынча бул боюнча комиссия иш алып барып жатканын, имараттарды тизмеден чыгаруу боюнча так чечим жок экенин тактады.

Буга чейин президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы Өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.

Количество просмотров: 147