• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мамбетов: Медкызматкерлерге кошумча каражаттар төлөнөт

28 Жалган куран 2020 14:52 Бишкек Govori.TV

Илдеттин очогунда иштеп жаткан медициналык кызматкерлер кошумча каражаттар төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында  Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, медициналык кызматкерлер материалдык жактан да татыктуу камсыздалат.

«Дарыгерлер айлык акысынан тышкары 46 миң 360 сом, медайымдар 41 миң 885 сом, кенже техникалык персонал 39 миң 660 сом алат. Буга байланыштуу маселелердин бардыгы чечилди жана эч кандай көйгөй жок”, — деди ал.

Ошондой Мамбетов карантиндик зонада иштеген медициналык кызматкерлер 14 күн эле иштешет, андан соң алар 14 күндүк карантинге жаткырыла турганын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти. Жалал-Абад облусунда – 26 учур, Ош облусунда – 27 учур, Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган), Баткен облусунда – 1 учур.

Количество просмотров: 395