Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келинди. Бул тууралуу укук когороочу Азиза Абдрасулова кабарлады.
Буга чейин маалымдалгандай, кечээ Абыловдун үйү тинтүүгө алынган.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.
Башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары 20-декабрга чейин камалды. Мындай чечимди 25-октябра караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.