• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Мамкамсыздандыруу уюмунун төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

16 Аяк оона 202516:29 Бишкек Govori.TV

Салават Садыракунов «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын башкармалыгынын төрага орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Бекмурза Өмүралиев өз каалоосу менен арыз жазып, ыйгарым укуктары токтотулду.

Салават Садыракунов буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалын жетектеп, ага чейин «Электр станциялары» ААКтын башкы директору болуп иштеген.

Количество просмотров: 155