Ушул жылга 100 мектептин курулуштарын бүткөрүү пландалган. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтта айтылгандай, бүгүн, 7-июнь күнү алгачкы ирээт Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча курулуп жаткан социалдык багыттагы таза суу объектилерин жана Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куруу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган 100 мектепте курулуш жүргүзүп жаткан подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Жыйында азыркы учурдагы абал, курулуш иштеринин жүрүүсү, көйгөйлөр жана чечүү жолдору талкууланды.