• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамлекет берген батирден куру калган майыптар митингге чыкты

22 Бирдин айы 2021 17:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын алдына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар митингге чыгышты. Алар майыптарга арналып салынган батирлер адилетсиз бөлүштүргөнүн айтып, нааразы болушту.

Акциянын катышуучусу Алтынбек майыптарга курулган батирлерди туура эмес бөлүштүргөнүнө нааразы.

«Азиздер жана дүлөйлөр коомунда болгон коррупциялык иштерге байланыштуу 2015-жылдан бери эле биз укук коргоо органдарына кайрылып келебиз. Себеби, 2008-2015-жылга чейин Бишкек шаарында 225 батир майыптар үчун салынып берилген. Мамлекет тарабынан майыптар үчүн берилген турак жайлар муктаждарга эмес, жетекчилердин туугандарына, өлгөн кишилерге чейин бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле «Азиздер жана дүлөйлөр” коомуна жыл сайын 40-70 млн каражат бөлүнөт. Бөлүнгөн каражаттар жетекчилер тарабынан максатсыз колдонулуп келет. Майыптар колуна комузун кармап, өз жандарын багып келишүүдө»,-деди акциянын катышуучусу.

Белгилей кетсек, акцияга болжол менен 30га чукул киши чогулган. Каржы полициясынан өкүлдөр чыгып, нааразы тарап менен жолуга элек.

Теги:
Количество просмотров: 200