• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекет Бишкекте 40 кабаттуу премиум-класстагы турак жай комплексин курат

7 Баш оона 202512:58 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин тапшырмасы менен Бишкекте 40 кабаттуу премиум-класстагы турак жай комплексин курат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Түмөнбаев мындай масштабдагы Долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда 94 пайыз жер тилкеси тоолуу, ал эми 6 пайызы түздүк болуп саналат. Биздин шаарлар күн санап чоңоюп, калктын саны өсүүдө. Сейсмологиялык талаптардын баары эске алынып, коопсуздук нормаларына жооп берген көп кабаттуу үйлөр курулат. Мамлекеттик ипотекалык компания Президентибиздин тапшырмасына ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу,Бишкек шаарында,40 кабаттуу премиум класстагы турак жайдын курулушу башталууда”, — дейт Түмөнбаев.

Количество просмотров: 162