Мамлекеттик ипотекалык компания Башкармалыктын жаңы төрагасын дайындады.
Ведомстводон билдиришкендей, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын директорлор кеңеши Талант Табылбекович Жекшеновду Башкармалыктын төрагасы кылып дайындады.
Башкаруу кеңешинин мурунку төрагасы пландаштырылган ротациянын алкагында башка кызматка которулуп жаткандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду.