• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекет олимпиададан медаль уткан спортсмендердин сый акысын көбөйттү

11 Баш оона 202418:21 Бишкек Govori.TV

Париждеги Олимп оюндарында күмүш медаль уткан кыргызстандык спортчуларга 10 млн сом берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.

Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүш медалын алышты. Буйруса экөө тең 10 млн сомдон алышат.

Ал эми коло байге ээлери мурда 5 миллион сомдон алышса, бу сапар 7 млн сомдон алышат. Кыргызстандан Париж олимпиадасынан Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жүзүпбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болушту.

Машыктыруучуларга жана дарыгерлерге да сыйлыктар каралган.

Буга чейин Олимпиадада алтын медаль уткандарга 10 млн, күмүш медаль уткандарга 7 млн сом, коло медаль уткан спортчуларга 5 млн сом берилерин Минстрлер кабинети билдирген.

Количество просмотров: 408