• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айпери Медет кызы Парижге барды

25 Тогуздун айы 202417:29 Бишкек Govori.TV

Быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында бешинчи орунду багындырган балбан Айпери Медет кызы кайрадан Парижге барды.

Бул туурасында Кыргызстандын Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Садык Шер-Нияз соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Айпери Медет кызы эмки, 2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына жаңы дем, күч менен даядык баштай турганын айтты.

Париж Олимпиадасында Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште кубалык Милаймис де ла Каридад Марин Потриллге жеңилип (0:6) калган.

Количество просмотров: 408