• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекет Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3, 5 млн.сом бөлөт

30 Бештин айы 20199:32 Бишкек Govori.TV

Өкмөт Чүй облустук милициясынын  башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3,5 млн. сом бөлөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон.  11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган. 11-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып, Самат Курманкуловго сыйлыгын тапшырган.

Бөлүнө турчу каражат  Саламаттык сактоо министрлигинин ушул жылдагы бюджетинен каралган.

Количество просмотров: 313