• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мамлекет тарабынан эч кандай жардам болбогон бала бакча

1 Кулжа 2018 18:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 06. 2018.Govori.TV

Нарын областынын Ат-Башы райондук «Ак-Байрак» мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө бүгүнкү майрамда бир да жогорку кызматтын өкүлү келген жок. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул жерде жалпы 32 бала тарбияланып, алардын 11и мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Бул жайга жергиликтүү ишкерлер жана колунда бар адамдар байма-бай жардам көрсөтүп келет. Алардын бири Ат-Башы- Бишкек каттамындагы «Босого-Транс»таксисттер жааматы аз болсо дагы өздөрүнүн белектерин беришип, балдарды шаңга бөлөштү.

Белгилей кетсек, Ат-Башы району боюнча 500дөй мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Ал эми алар үчүн район боюнча ушул эле бала бакча иштейт.

 

Количество просмотров: 51