• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Мамлекеттик башкаруу академиясынын статусу төмөндөдү

3 Теке 2018 19:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.07.2018.Govori.TV.
Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын мындан ары карай өркүндөтүү, ошондой эле квалификациялуу кадрларга болгон реалдуу керектөөлөрдү эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу процессине практикалык багыт берүү максатында Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды.
Мурда Мамлекет башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, анын ичинде региондордогу жетекчилердин да — айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, райондук мамлекеттик администрациялардын акимдеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү милдетин койгон.

 

Количество просмотров: 39