• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мамлекеттик катчы депутат менен министрдин чыры боюнча үн катты

6 Аяк оона 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун кайым айтышуусу боюнча пикирин билдирди.

«Каныбек мырза иш бөлмөсүндө билек түрүп иштеп жаткан экен, көрдүк. Эрулан мырза да ал жерге ойноп барбай, эл камын ойлоп барганын да көрдүк. Негизи мага экөөнүн кайым айтышы кадыресе эле көрүнүш! Эл үчүн ошентип кызыл чеке болуп, «кырылышып» эле иштей бергиле! Өзүңөрдүн ишиңер үчүн жаакташпагандан кийин, өлкөбүздүн эсин эки кылбай, кичүүң улуусуна кол сунуп, төш тийгизип койгула. Наркыңарга баш ийип, баркыңарды сактагыла! Жагдай Жогорку Кеңеште талкуу болчу маселе эмес деп ойлоймун»,-деп жазган ал.

Буга чейин депутат Эрулан Көкүлов Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабылдамасына барганы тартылган видео социалдык тармактарга жарыялаган. Анда депутат министрдин иш бөлмөсүнө кирип барып, Иманалиев менен кайым айтыша кеткенин көрүүгө болот.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да талкууланды. Депутат Иманалиевдин отставкасын талап кыла турганын айтты.

Количество просмотров: 1326