• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамлекеттик катчы Касмамбетов: Адегенде теңелген эмеспиз: анан күттүк – түттүк – бүттүк! Кол салгандар тийиштүү жообун алды!

17 Аяк оона 2022 21:03 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 14-17-сентябрда Баткен облусундагы чек ара аймактарында болгон куралдуу кагылышууга байланыштуу каргашалуу окуялар боюнча кайрылуу жасап, кыргыз журтчулугун сабырдуулукка, ынтымакка жана биримдикке чакырды.

Мамлекеттик катчынын сөзү: 

“Урматтуу мекендештер, ардактуу боордошторум! Бул күндөрү Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен чек ара аймактарындагы коогалаӊдуу окуялардын жүрүшүнө жүрүшүнө өтө өкүнүү менен баам салып турдук. Куралдуу кагылышуунун натыйжасында көптөгөн жарандарыбыздын өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуя жөнүндөгү суук кабар баарыбызды кейишке салды. Күтүүсүз баскан капсалаңды ар бири өз жандүйнөсү аркылуу өткөрүп жаткан миңдеген мекендештеримди кейишке салгандай эле, менин дагы кабыргам кайышып турат.

Баткен аймагындагы чек арада жок жерден жаңжал чыгарып, бүлүк салган мындай каргаша биринчи ирет болуп жаткан жок. Бул жолу да душман өзү катылды, күтүүсүз курал атылды. Адегенде аларга теңелген эмеспиз: анан күттүк – түттүк – бүттүк! Кол салгандар жообун алды! Тажик тарап чабуул койгон айылдардын баары бошотулуп, жарандарыбыз өз жерине кайтып келе баштады. Тилекке каршы, биз тараптан да жоготуулар жок эмес. Абал дагы эле кооптуу болуп турат.

Биз үчүн мамлекетибиздин коопсуздугунан, калкыбыздын тынччылыгыбыздан артык эч нерсе жок. Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, анын көз карандысыздыгын коргоо, коом турмушун турукташтыруу, өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү, ошондой эле таалим-тарбиялуу, илим-билимдүү, дени сак, акылы тунук жаӊы муундун өкүлдөрүн өстүрүү ар бирибиздин башкы милдетибиз болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн кыргыз элине Баткен коогалаңына байланыштуу кайрылуу жасап, кандуу кагылышуу учурунда каза болгон жарандарыбыздын жакындарына көңүл айтуу менен бирге, алардын үй-бүлөсүнө жакындан жардам берилерин баса белгиледи. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын, тармактык мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине каргашалуу окуянын учурунда жабыр тарткан баардык жарандарга тезинен көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.

Ушу тапта УКМКнын төрагасы

Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Гүлнара Баатырова баштаган коргоо министрлигинин, ички иштер министрлигинин, жана башка дагы бир катар тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилиги убактылуу көчөрүлгөн адамдарды өз жерлерине жайгаштыруу, жабыр тарткан жактарга гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана бөлүштүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жараат алган алган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү жумуштарын координациялоодо.

Андан тышкары, кыргыз калкы түп көтөрө түгөл чогулуп, кандуу каргашанын кээрин тарткан Баткен жергесинин тургундарына колдон келген жардамын бере баштады. Алгачкы 106 тонна жардам келип түштү. Баарыбызды көптөгөн курмандыктарга алып келген мына ушундай кыйчалыш кырдаалдан тезирээк чыгып, туруктуулук орносо, калкыбыз баштагы бейпил турмушуна өтсө, өнүгүп-өсүү жолуна түшсө деген эле бир тилек бириктирип турат.

Баардык мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, алардын өздүк курамы, өзгөчө саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлери кандуу кагылыш учурунда жараат алган жана жапа чеккен адамдарга кечиктирилгис жардам бериши керек. Анткени, карапайым калкыбыздын калың катмары мамлекетке, анын жетекчилигине илгери үмүт менен чоң ишеним артып турат, алардын ишенимин толугу менен актоого тийишпиз. Ансыз болбойт!

Биз, кыргыз эли буга чейин мындай кырдаалдарды далай жолу башыбыздан кечирип, жамандык-жакшылыкта кагылып-согулуп, турмуштан чоӊ сабак алган уюткулуу журтпуз. Жакындары каза болгон жарандарыбыздын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөм. Ал эми жараат алган жарандарыбызга тез сакайып кетишин тилейм. Ал эми жалпы мекендештеримди сабырдуу болуп, күтүүсүз каргашадан кабыргасы кайышып турган адамдарга колдоо көрсөтүүгө, колдон келген жардамыбызды берүүгө чакырам.

Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алардын ар биринин жаркын элеси жүрөк түпкүрүндө бекем сакталат. Белиңиздерди бекем бууп, кайратыңыздардан жанбаңыздар. Жараткан кыргыз элин күтүүсүз каргашадан, бөөдө кырсыктан, жабышкак дарттан, орду толгус жоготуудан сактасын.

«Ачуу – душман, акыл – дос» дейт, жамы кыргыз журтун ынтымак менен ырашкерликке чакырам: сабырдуу бололу, түтүмдүү бололу, бири-бирибизге күйүмдүү бололу! Ошондо Кыргызстан өнүгөт, эч качан өз намысын чет душманга алдырбайт!”.

Количество просмотров: 178