• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Депутаттар мурдагы заманды унутуш керек». Мамлекеттик катчы парламент менен өкмөттүн маселеси тууралуу…

17 Теке 2023 14:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов «Кабар» агенттигине маек куруп, Жогорку Кеңеш жана Министрлер кабинетинин маселеси боюнча өз пикрин билдирген.

«Депутаттар менен Эдил Байсаловдун кайым айтышын көрдүм. Мен 30 жыл үзгүлтүксүз Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген адам катары калыс пикиримди айтканга аракет кылайын. Анткени 30 жыл ичинде түркүн башкаруудагы Парламент менен иштешип калбадымбы. Акыркы 10 жылдагы эле парламентти алалы. 2010-жылдан 2020-жылга чейин парламенттик башкаруу болду. Өкмөттүн курамын өздөрү тандашчу. Премьер-министрден баштап, баардык министрлерди депутаттар кызматка коюп келишти. Облус, район, айыл өкмөттөргө чейин депутаттар койгон учурлар болду. Ошентип он жыл парламент депутаттары өлкөгө кожоюндук кылып келишти. 2020-жылы башкаруу сиситемасы түп тамырынан бери алмашып, өлкөгө президенттик башкаруу орноду. Депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды. Бирок депутаттар мурдакы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Чарба иштерине чейин аралашып кеткен учурларды көрүп жатабыз. Бул жерден «Өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла»,- деп Эдил Байсалов туура айтты. Анткени чарбалык иштерди өкмөт аткарыш керек. Жылына бир жолу келип Жогорку Кеңешке отчет берип турушат. Ал эми Эдил Байсаловду кызматтан кетсин деп кабыл алынган токтом боюнча президент өзү чечет. Кетирсе да өзү билет, кетирбесе да өзү билет. Азыр башкаруу системасы башка. Мурдагыдай парламенттик башкаруу болгондо Эдил Байсалов дароо отставкага кетмек. Азыр президенттик башкаруу. Депутаттар мурдакы заманды унутуш керек. Баары дегенден алысмын, айрым депутаттар жеке иштери менен эле министрлерди чакыра беришет. Кадр коюп берүү же жеке иштерин чечип берүүсүн талап кылышат. Ошентип министрлердин көп убактыларын алып коюп атышат. Министрлерди жылдык отчётто гана чакырышса туура болот. Бир сөз менен кошумчалай кетсем. Чынын айтсам 2020-жылдан кийинки президенттик башкаруу башталгандан баштап өлкөдө бир топ тармакта алдыга жылыштар башталды. Мен муну парламенттин казанында кайнап жүргөн адам катары айта алам. Ар бир нерсеге майдалап токтолбой эле коеюн, кыргыздын макалы менен айтканда 10 жыл парламенттик башкаруу системасында «көп суур ийин казбайт» дегендей эле болду. Бир эле фракциянын кызыкчылыгы камтылбай калса өкмөттүк иштер жылдап токтоп турган учурлар болду. Кээ бир учурларда фракцияларды бияка эле коелу, бир эле депутаттын жеке кызыкчылыгы камтылбай калса ал депутат кыйкырып чыгып, мамлекеттик орчундуу иштер жылдап токтоп калчу. Өлкөбүз ушундай учурларды башынан өткөрдү»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 109