• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынын көтөрүлгөнү боюнча Султанбаев билдирүү таратты

2 Баш оона 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

«Бул ирет мамлекеттик жарандык кызматкерлер менен муниципалдык кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлүп, маңдай тер төккөн ишинин акыбети кайтып отурат», деп билдирди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, президент Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Султанбаев буга чейин мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин эмгек акылары да көтөрүлгөнүн эске салды. Мындан сырткары, мамлекеттик жөлөкпулдардын көлөмү да көбөйтүлгөн.

«Бул мамлекет башчыбыздын элдин, айрыкча, бюджеттик мекемелерде иштеп, үй-бүлөсүн баккан калктын катмарынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча жүргүзгөн ырааттуу саясатынын жемиши.

Бул ирет мамлекеттик жарандык кызматкерлер менен муниципалдык кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлүп, маңдай тер төккөн ишинин акыбети кайтып отурат.

Президентибиздин чечкиндүү кадамдарынын аркасында мамлекеттик кызматтын сапаты жакшырып, жогорку квалификациялуу кадрлардын мамлекеттик кызматтарга келишине шарттар түзүлөт деп турабыз.

Мунун баары – Садыр Жапаровдун президенттик кызматка аттанганда элге берген убадаларынын: “Кумтөр” кенин элге иштегендей кылып мамлекетке кайтаруу, бажы төлөмдөрү менен салыктарды топтоодогу ачык-айрымдуулук сыяктуу иштердин жүзөгө ашып жаткандыгынын белгиси», — деди президенттин басма сөз катчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.

Количество просмотров: 426