• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Мамлекеттик лизинг компаниясынын” ишинде бузуулар аныкталды

3 Кулжа 202517:46 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасы тарабынан “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнө карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Коомдун ишинде бир катар мыйзам бузуулар жана ички регламенттердин талаптарын аткарбоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Коомго лизинг ишин жүргүзүүгө расмий уруксат берүүчү лицензия 2024-жылдын 16-декабрында гана берилген. Бирок, ушул күнгө чейин эле Коом лизингдик операцияларды жүргүзө баштаганы тастыкталды. Атап айтканда, 2024-жылдын 28-ноябрында жана 12-декабрында түзүлгөн кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларынын негизинде жалпы суммасы 37,4 миллион сомду түзгөн айыл чарба техникалары жана шаймандары лизингге берилген. Бул сумма жеке ишкер М.М. Алиев тарабынан 10% өлчөмүндөгү өздүк салым — 293,4 миң сом менен, ал эми калган 37,1 миллион сом түздөн-түз Коом тарабынан каржыланган каражаттардын эсебинен жабылган. Мындай аракет “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына каршы келет жана Коомдун лицензия алууга чейинки мезгилде мыйзамсыз иш жүргүзгөнүн айгинелейт.

Мындан тышкары, аудиттин жүрүшүндө “Кыргыз асыл тукум заводу” мамлекеттик ишканасына карата түзүлгөн лизингдик досьеде кемчиликтер орун алгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган лизинг алуучунун досьесине 2022–2024-жылдарга карата финансылык отчеттор тиркелген эмес. Бул жагдай Коомдун “Юридикалык жактар үчүн талап кылынган документтердин тизмеги” аттуу ички документинде каралган талаптарга жооп бербейт жана лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн объективдүү баалоого тоскоолдук жаратат. Ошондой эле, аталган документ өзү дагы Коомдун Башкармалыгы тарабынан расмий түрдө бекитилген эмес, бул ички башкаруу жана көзөмөл чөйрөсүндө так эместиктер бар экендигин көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы тарабынан бир катар сунуштар берилди.

Кошумчалангандай, Эсептөө палатасы тарабынан мыйзам бузуу фактыларына жана катталган кемчиликтерге байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтар жөнөтүлүп, Коомдун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү сунушу берилди.

Количество просмотров: 159