• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик оорукана жетекчилери жеке клиникада иштей албайт

24 Үчтүн айы 202514:07 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду.

Ага ылайык, мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.

Мыйзамда каралгандай, талаптарды аткарбоо аларды он жумушчу күндүн ичинде ээлеген кызматынан бошотууга алып келет.

Тийиштүү мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 19-декабрда кабыл алган.

Демилгечилер документ жарандарга сапатуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталганын айтышты.

Количество просмотров: 300