• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамлекеттик органдар 3 жума эс алуусуз иштейт

21 Жалган куран 2020 20:19 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22-28-29-март, 4-5-7-11-12-апрель күндөрү иш күндөрү деп белгиленди.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул чечим Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүгө, экономиканын башка чөйрөлөрүнүн туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

«Учурдагы кырдаал мамлекет жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн тийиштүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана анын ичинде эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат.
Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2020-жылдын 22-28-29-мартын, 4-5-7-11-12-апрелин иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1940