• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Оштогу чайханалардын биринде аял кишиге кирүүгө тыюу салынды

20 Бештин айы 2019 17:25 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы чайханалардын биринде аял кишиге кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу интернет колдонуучу “Твиттер” баракчасына жазып чыкты.

Автордун айтымында, коомдук жайга тамактануу үчүн барып, кире алган эмес. Чайхананын кире беришинен чылым чегүүгө, спирт ичимдиктерин колдонууга жана аял кишилердин кирүүсүнө тыюу салынат деген эреже тактасына күбө болгон. Мекеменин администрациясына илинген эреже мыйзамга туура келбей турганын айтышкан.

Ал эми сүрөттөн аталган мекеме баардык аялдардын кирүүсүнө тыюу салганын же кыска кийим кийгендерге гана чектөө киргизгенин айтуу кыйын.

Мындан соң кызуу талкуу башталып, автор өзү жазган билдирүүнү өчүрүп салган.

Количество просмотров: 179