• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзам Орусия элчисин тынчсыздандырууда

25 Жетинин айы 2021 14:21 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзам долбоору Кыргызстандагы орус тилдүү жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, орус тилинин ролун кыскартат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Биз «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунун айланасында коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан жагдайга кылдат байкоо жүргүзүүдөбүз. Чынында эле мыйзам долбоордун азыркы түрүнүн кабыл алынышы Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилинин колдонуу чөйрөсүнүн жана орус тилинин укуктарынын кыскарышына алып келет деген кооптонуулар бар. Орус тилинин Кыргызстандагы жалпы гуманитардык миссиясы тууралуу өлкөдө кадыр-барктуу болгон дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун айткан сөздөрүн эстесек ашыкча болбос. Жетишкендиктерден оңой эле баш тартып коюунун зарылчылдыгы барбы?» — деп жазат ал.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Долбоор коомдук талкуудан өтүп, парламенттин кароосуна сунушталат.

Количество просмотров: 847