• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган китеп басылып чыкты

15 Баш оона 202010:08 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китеп басып чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8 409 нускада басылып чыккан китептин жети аталыштагысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган. Бир китеп мектепке ылайыкташкан болсо, калган он аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, мындан сырткары, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынганы белгиленди. Китептер окуу жайларга бөлүштүрүлүп, аймактарга жеткирилип жатат.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, мындан сырткары, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынганы белгиленди.

Количество просмотров: 64