• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамлекеттик цирктин директору кызматтан кетти

10 Кулжа 2023 9:33 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

“Мен циркке жетекчи болуп иштеген төрт жыл ичинде өзүбүздүн өнүгүү концепциябызга ылайык циркти реформалоо, оңдоп-түзөө боюнча бир топ иштерди аткара алган жокпуз. Анткени 4 жыл ичинде 4 маданият министри алмашты. Алардын ар кимисинин циркти реформалоо боюча өз ой-пикири бар. Буга чейин оңдоп-түзөө иштерине бир дагы сом бөлүнгөн жок. Акча бөлүнбөсө жылыш болбойт. Кызматтан өзүм арыз жазып кеткенимдин себеби ушул болду”, — деп билдирген Бекманбетов.

Буга чейин каскадёр Асланайым Аширова цирк имараты начало абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын айтып чыккан.

Бекманбетов өзүнө карата айтылган дооматтарды четке каккан.

Мамлекеттик циркке Фархад Бекманбетов 2019-жылдын январь айында жетекчи болуп дайындалган.

Количество просмотров: 103