Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.
Бекболсун Жайчыбеков быйыл 76 жашка чыкмак. Ал 1948-жылы Ысык-Көлдүн Түп районундагы Корумду айылында туулган.
Сүрөтчү КРдин мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. «Даңк» медалынын ээси жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү.