• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев көз жумду

18 Аяк оона 202510:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев 17-сентябрда 69 жашында көз жумду.

Жусуп Матаев 1956-жылы Жалал-Абад облусунун Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган.

Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган. Авторлору — Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

2023-жылы Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 22-декабрында кол койгон. Ага ылайык, тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн.

Количество просмотров: 238