• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

20 Теке 202211:35 Бишкек Govori.TV

1-августан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасы орточо эсеп менен 50% пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда өткөн маалымат жыйында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

«1-августтан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жана пенсия көтөрүлөт. Ал үчүн 7-8 млрд сом каралууда. Апрель айында көбөйтүлгөн маяналар боюнча эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Төлөмдөр белгиленген боюнча жүргүзүлүп жатат»,-деди Бакетаев.

Количество просмотров: 680