• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мугалимдер сентябрь айында да көбөйгөн айлык алышабы? Министрликтин жообу…

12 Бугу 2022 11:17 Бишкек Govori.TV

Сентябрь айында дагы мугалимдер жогорулатылган айлык акысын ала беришет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жазылгандай, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы жогорулатылган. Ага ылайык, профессордук-окутуучулук курамга — 80 пайызга, административдик-башкаруу персоналына — 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлерине — 80 пайызга айлык жогорулаган.

«Министрлер кабинетинин чечими менен жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысын төлөө шарттары сааттык эмгек акыдан тарифтик ставкага которулду, ошондой эле базалык эсептик көрсөткүч болуп эсептелинген минималдуу базалык ставка белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлиги белгилегендей, эмгек акы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн расмий айлыкка жана ставкаларга көбөйтүү жолу менен эсептелет. Андыктан 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта мугалимдин айлыгы азыркы деңгээлинде калат.

«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында мугалимдердин айлыгы азаят деген маалымат чындыкка коошпойт», — деп белгилешти ведомстводон.

Количество просмотров: 2692