• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук статком: Кыргызстанда орточо айлык 35 миң сомдон жогору. Мына, өсүш!

11 Тогуздун айы 202415:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-август айларында орточо номиналдык эмгек акы 35 653 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу орточо эмгек акы 11,4%га өскөн.

Жеке кирешенин эң чоң өсүшү дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды жана сырьену иштетүү тармагында байкалган. Ошондой эле кыймылсыз мүлк менен операциялар, тоо-кен казып алуу, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө да өсүш болгон.

Количество просмотров: 158