• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамыркулованын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышты

28 Жалган куран 202510:45 Бишкек Govori.TV

2 айга камакка алынган журналист Канышай Мамыркулованын жактоочулары Свердлов райондук сотунун чечимине каршы арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышты.

Белгилей кетсек, 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналисттин бөгөт чарасын карап, 19-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Мамыркулованы 20-мартта үйүнөн алып кетишкен. Бишкек шаардык милициясында сурак берген соң 48 саатка камакка алынган.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын, буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык («Массалык баш аламандыктар») иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган. Андан соң Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталып жатканы белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин («Улут аралык кастыкты козутуу») негизинде да айып тагылган.

Количество просмотров: 235