8-декабрда Бишкек шаардык соту эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин карады. Бул жолку отурумда судья адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып кийинки сотко күбө катары Атай Бейшенбекти чакырууга макулдук берди.
Кийинки отурум 18-декабрга белгиленди.
3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.