• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мамытов: Атамбаевдин сөзүнө терикпейбиз

12 Кулжа 2019 12:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов парламент бир күч болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иштерин тизмектеп, тиешелүү органдарга өткөрүп бериши керек деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты.

«Атамбаевдин бардык жасаган иштерине баа берип, укук нормаларын сактап, принципиалдуу позицияны карманып, Атамбаевдин аракеттерине баа беришибиз керек. Бул үчүн баарыбыз биригип, Атамбаевдин бардык иштерине баа берип, тизмектеп тизип, тиешелүү органдарга өткөрүп берүү зарыл. Эгер ушул ишти аткара албасак, анда Атамбаев айткандай, чыныгы чимкиригин тарта албаган адамдар болобуз. Эгер аткарсак, ким чимкирик экенин кыргыз элине көрсөтөбүз.

Количество просмотров: 31