• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамытов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

29 Тогуздун айы 202013:03 Бишкек Govori.TV

Абакир Мамытов билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Мамытов Абакир Мамытович 1954-жылы туулган, жогорку билимдүү, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер.

Билим берүү жана илим министринин буйругу менен Абакир Мамытов министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп бекитилди.

Количество просмотров: 933