• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мамытов: Чек араны эки тараптан тең жаап салуу керек

30 Чын куран 2021 9:36 Бишкек Govori.TV

Чек араны эки тараптан тең жаап салуу керек. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

«Биргелешкен комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүш керек — ким аткылап баштады, ким келишимди бузду, ким каякта болду? Эгерде тергөө иштери жүргүзүлбөсө жана күнөөлүүлөр жазаланбаса, анда мындай окуялар улана берет», — дейт ал.

Ошондой эле акыйкатчы, чек араны эки тараптан тең жаап, аскер күчтөрүн алып кетүү керек деп кошумчалады.

«Атышуу туура эмес. Албетте, биз атыша беребиз, бирок жергиликтүү калк жөнүндө ойлонушубуз керек, алар кайда барышат? Бишкекте отуруп, эмне кылуу керектигин баалоо жана кеңеш берүү оңой, ал эми чек ара аймактарында жашаган калк кыйналып жатат», — деди Мамытов.

Количество просмотров: 372