• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамытов: Коронавирустан эч ким сактана албайт

26 Бирдин айы 2020 14:08 Бишкек Govori.TV

Коронавирустан эч ким сактана албайт. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү Талант Мамытов айтты.

Анын айтымында, вирустан сактануу боюнча Кыргызстан колдон келген аракеттерди көрүп жатат.

«Бул бир апаат болуп жатат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде аракеттер көрүлүп жатат, баардык чек аралар жабык. Бирок кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Эгер бир эле ооруган адам келсе, ал жайылтат. Бул менен чоң-чоң державалар араңдан зорго күрөшүп, маселени чече албай жатат», — деди Мамытов.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты

Количество просмотров: 1668