• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мамытов Жалал-Абаддагы Камбар-Ата-2 ГЭСке барды

19 Бештин айы 2020 23:18 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата-2 ГЭСти экинчи блогун ишке киргизүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалат.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө Кыргызстанда Нарын дарыясы электр энергиянын негизги булагы болуп саналары жана анда Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Камбар-Ата-2 электр станциялары жайгашканы айтылды.

Камбар-Ата-2 ГЭСтин жалпы долбоордук кубаттуулугу — 360 МВт. Азыркы учурда бул жерде 120 МВт кубаттуулуктагы биринчи блок иштеп жатат, ал расмий түрдө 2010-жылдын 30-августунда пайдаланууга берилген.

Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү үчүн Евразия өнүктүрүү банкы жана Евразия стабилдештирүү менен өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген насыяларды тартуу боюнча келишим түзүлдү.

«Камбар-Ата-2 ГЭСтин экинчи суу агрегатын ишке киргизүү» долбоору 120 МВт кубаттуулуктагы станциянын экинчи суу агрегатын ишке киргизүүнү, ошондой эле 500 кВт (ОРУ) ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү курууну камтыйт.

Ошондой эле азыркы учурда, Камбар-Ата-2 жана Күрпсай ГЭСтеринин ортосундагы 110 кВ электр чубалгыларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигине байланыштуу, Камбар-Ата-2 ГЭСтин биринчи блогу мүмкүн болгон 120 МВттын ичинен 80-90 МВт гана жүк менен иштеп жатат.

500 кВ ОРУ курулманын курулушунан кийин, биринчи агрегаттын «жабык» кубаттуулугун бошотуп, 40 МВтка жакын кошумча өсүш алууга болот. Бошотуунун натыйжасында Камбар-Ата-2 ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 240 МВтты түзөт жана ошондой эле өндүрүлгөн кубаттулукту «Датка-Кемин» линиясына берүүгө мүмкүнчүлүгү берилет.

Талант Мамытов плотина жана машиналык цехти көрүп чыкты, ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСтин жана курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат менен таанышты.

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу республикада электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу калган агрегаттарды тезирээк ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

«Бизнестин жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы жыл сайын туруктуу өсүүдө, ошол эле учурда биз колдо болгон энергетикалык ресурстардын ондон бир бөлүгүн гана пайдаланабыз. Ошондуктан ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатып, көбүрөөк энергия иштеп чыгуу керек», — деди Талант Мамытов.

Количество просмотров: 113