• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Мамытов: Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда

28 Үчтүн айы 2022 10:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда. Бул тууралуу парламент өрагасы Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, чек арада түзүлгөн  кырдаалга  байланыштуу  эл өкүлдөрү  жергиликтүү  тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн  бардык аракеттерди көрөт.

«Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кеңеши  Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен  тыкыр көз салууда. Чек арада түзүлгөн  кырдаалга  байланыштуу  эл өкүлдөрү  жергиликтүү  тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн  бардык аракеттерди көрөт. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин  туруктуулугу  жана  тынчтыгы  баардыгынан бийик турат. Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы. Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 566