Бүгүн, 5-сентябрда саат 17:20 чамасында “Манас” эл аралык аэропортуна жардыруучу зат коюлган деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда учуу үчүн каттоо токтотулуп, жүргүнчүлөр жана кызматкерлер тышка чыгарылды. Азыркы тапта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери издөө иштерин өткөрүшүүдө.
Эске салсак, 3-сентябрда Бишкектеги №13 мектепке дагы жардыруучу зат коюлду деген маалымат түшүп, бирок ал жалган болуп чыккан.