Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан турак жайларда жашаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара коопсуздук чараларын күчөтүү жана мүмкүн болуучу кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт. Анын алкагында дарыяга жакын жашаган тургундарга атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды.
Баракчаларда суу жээгиндеги коопсуз жүрүм-турум эрежелери, балдарды көзөмөлсүз калтырбоо зарылдыгы жана кырсыктардын алдын алуу боюнча сунуштар камтылган. ӨКМ жарандарды өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырат.