Жогорку Кеңештин 18-июндагы отурмунда депутат Дастан Жумабеков кесиптеши Элвира Сурабалдиеванын коопсуздугуна тынчсызданды.
Депутат «75 кишинин каты» деген ат менен белгилүү болгон сот отурумунда көрсөтмө берген Элвира Сурабалдиевага Күзөт кызматынан адам бөлүп берүүнү айтты.
«Ошол жерде кесиптешибиз, эл тарабынан шайланган эл өкүлү менин байкашыма караганда кысымга алынгандай болду. Жооп берейин десе кысым болуп жатты. Мамлекеттик мыйзам бар күзөт боюнча. Ошол мыйзамдарга таянып, эгерде кесиптешибиз каршы болбосо, Элвира Жыргалбековнага мамлекеттик күзөт бөлүп берсек», — деди депутат.
Эске салсак, 15-июндагы соттук отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берген. Отурум учурунда депутат менен айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен.