• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Манас» аэропортунда коюу тумандан улам учактар кармалды

30 Бештин айы 202121:46 Бишкек Govori.TV

Коюу тумандан улам бүгүн, 30-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда бир нече каттамдын учагы кармалууда. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

«Санкт-Петербургдан келген «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы Алматыдагы кошумча аэродромго конду. Мындан сырткары, ички каттамдар дагы кармалууда. Биз үчүн коопсуздук баарынан артык!» — деп айтылат маалыматта.

Аэропорттун жетекчилиги жүргүнчүлөр менен коноктордон абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Количество просмотров: 274