• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы учакта жарылуучу зат бар деген маалыматты төгүндөдү

9 Жалган куран 2022 20:50 Бишкек Govori.TV

«Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова аба майдан курчоого алынды деген маалыматты четке какты.

Анын айтымында, 9-мартта Санкт-Петербург-Бишкек багытындагы учак аэропортко конду. Жүргүнчүлөр эвакуация болду деген кабар чындыкка дал келбейт.

Буга чейин интернет булактарында Санкт-Петербург-Бишкек багытындагы учактагы жүргүнчүлөрдүн бири Украинадагы согушка каршы экенин билдирип, кол баштыгында жарылуучу зат бардыгын айтканы, мындан улам «Манас» аэропорту курчоого алынганы кабарланган.

Каттамды тейлеген «Авиа Траффик» компаниясы кимдир бирөө авиакомпаниялардын электрондук даректерине жогорудагыдай мазмундагы катты жөнөткөнүн, бирок учактагы жүргүнчүлөрдүн эч кимиси андай аракетке барбаганын билдирген.

Количество просмотров: 107