• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Манас” аэропортунда туманга байланыштуу учактар кармалып турат

29 Жетинин айы 201811:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV
Бүгүн 29-ноябрда, Эл аралык “Манас” аэропортунда кою туман болуп, жол көрүнбөгөнүнө байланыштуу уча турган учактар кармалып турат. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Учурда 7 каттам кармалып турат.  Алардын ичинен алтоосу эрте мененки каттамдар болуп эсептелинет. Ал эми калган бир каттам кечки каттам.
Мекеме кызматкерлери кардарларды түшүнүү менен мамиле кылып туруусун өтүнүшөт.
Количество просмотров: 65