• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Манас Арабаев: Раиса Атамбаева курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү сураган

3 Теке 2019 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу укук коргоо органдарынын видеосу коомдук «Ала-Тоо 24» телеканалында 2-июлда жарыяланды. «Көлөкө. Инвесторлордун мүлктөрүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деп аталган программада Арабаев Раиса Атамбаева аны курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү сураганын айткан.

Ошондой эле Атамбаевдин жубайы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып жаткан Элвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүнө токтолгон.

Атайын репортажда  инвесторлордун мүлктөрүн рейдерлик жол менен тартып алууга экс-президенттин эң жакын адамдары, жубайы, анын баласы аралашканы айтылган. Манас Арабаев тергөө менен кызматташып жатканы да белгиленген.

Количество просмотров: 9