• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Манас» эпосунун «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгү англис тилине которулду

12 Теке 202216:21 Бишкек Govori.TV

«Манас» эпосунун «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгү кыргыз тилинен англис тилине которулду. Мындай маалымат бүгүн, 12-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов АКШнын Майами (MIAMI) университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолукканда белгилүү болду.

Жолугушууда профессор Даниел Приор аталган китептин бет ачаарын Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул бет ачаардын уникалдуулугу – улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган түп нуска биринчи жолу кыргыз тилинен англис тилине түз которулуп, Лондондо “Penguin Classics” сериясында басылып чыгып, чет өлкөлүк окурмандарга тартууланууда.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Даниел Приор мырзага кыргыз элинин байлыгы болгон “Манас” эпосун жайылтууга көмөктөшүп жатканы кыргыз элине жана анын бай тарыхына болгон сый мамиле катары кабыл ала турганын белгилеп, профессорго терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Көкөтөйдүн ашы”- “Манас” эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр. Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда “Көкөтөйдүн ашын” кагаз бетине түшүрүүнү Каюм Мифтаков демилгелеп баштап, кийин Ыбырайым Абдрахманов жазып алып, бүгүнкү күндөргө жеткирген.

Количество просмотров: 201